"Кызым сойку болгон эмес. Ал 16 эле жашта болчу. Мектепти артыкчылык менен бүткөн. Чоң окуу жайына тапшырмак. Кызымды өлтүргөн Наиль Надировдун атасы мени менен жолугушууга аракеттенип, өмүр бою эркинен ажыратууну суранбоону өтүнүп жатат. Бул акылга сыйбайт",- деди каза болгон
Карина Кыштобаеванын апасы
Адель Кыштобаева.
2014-жылдын 11-январь күнү эртең менен Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү менен темир жолдун кесилишиндеги таштанды таштоочу челектен башы жана ички органдары жок, денеси бөлүктөргө бөлүнгөн жаш аялдын өлүгү табылган. Дене 20дан ашык бөлүккө бөлүнгөн. Аны жуурканга ороп, таштандыга таштап кетишкен.