Талас. Маданият күнүнө уюштурулган концерт купулга толбоду

2-ноябрь - Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы музыкалык мектепте облуска таанымал ырчы Айсалкын Эсенбекованын концерти өттү. Концертке эл көп келип, жүрөктө калган белгилүү ырчы-обончулардын ырлары аткарылды. Бирок элди ирээнжиткен нерсе, тартипке көзөмөлдүн жоктугу болду. Каалагандар кирип-чыга берип, көрүүчүлөр же сахнаны, же басып жүргөндөрдү караарын билбей калып жатышты. Кызыгы, музыкалык мектептин жетекчилиги концертте отуруп, тартипти жөнгө салып койгонго жараган жок. Ушундан улам эл жакшылап концерт көрө албагандыгы үчүн кейип тарады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан