Кочкор районунда "аяш атасы тарабынан зордукталган" делип жаткан тубаса дудук кыз көз жарды. Бул тууралуу өздүк булактарыбыз бүгүн, 1-июлда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Шаршенбек кызы Карачач 28-июнда кесарево жолу менен төрөгөн. Учурда ал ымыркайы менен ооруканада экени белгилүү болду.
Эске салсак, Нарын облусунун Кочкор айылында Шаршенбек кызы Карачач аттуу тубаса дудук кыздын боюнда болуп калган. Качан анын курсагы чоңоюп баштаганда Жылдыз аттуу жеңеси ооруканага алып келип, анын 7,5 айлык боюнда бар экенин аныкташкан.
Буга чейин кыздын жеңеси милиция кызматкерлерине тубаса дудук кыз Н.К. аттуу аяш атасы тарабынан зордукталганын айтып арыз жазган. Бирок кыздын атасы бул жалган маалымат экенин айтып чыккан. Ошондой эле досу андай нерсеге барбастыгын билдирип, тосмо арыз жазган. Мындан улам иш токтотулган.
Белгилүү болгондой, жакынкы убакта зордукталды деп жаткан кыздын атасы кайрадан милицияга өзү арыз менен кайрылып, Н.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Учурда аталган фактынын чоо-жайы иликтенүүдө.