Таластагы чек ара отрядынан качып кеткен 4 жоокерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Анын айтымында, жоокерлердин аскер бөлүгүн таштап, куралчан качып кеткендиги боюнча кылмыш иши козголду. Учурда алар сурак берип жатышат.
Эске сала кетсек, 26-июлдан 27-июлга караган түнү Таластагы чек ара отрядынан 4 жоокер куралчан качып кетишкен. Издөө иштерине тийиштүү органдар тартылып, алар кармалган. Учурда окуянын себептери аныкталууда.