Ош. Фармацевттер дарыларга кошумча салыктын киргизилишине каршы экендиктерин айтып чыгышты

Ош шаарында “Мээр чөп”, “Умайфарм”, “Мир Нур” фармацевтикалык компанияларынын жетекчилери, мамлекет тарабынан фармкомпанияларга 12 пайыздык салык төлөмү киргизилишине нааразы. Маалымат жыйын өткөргөн аталган компаниялардын өкүлдөрү мыйзамга мындай өзгөртүү кирери алдын ала эскертилбегендигин айтышып, чет өлкөдөн дары алып келе жатканда бажы кызматынан угушканын айтышты. “Бул салык менен мамлекетке эч кандай пайда түшпөйт, эгер 12 пайыздык салык төлөй турган болсок, дарылар буга чейинки баадан 30-40 пайызга чейин кымбаттайт. Эгер мамлекет дарынын баасын кымбаттатса, анда кантробандалык жол менен өлкөгө кирип жаткан дарыларга тыюу салсын. Дары кымбаттаса, эл контробандалык жол менен келген арзан дарыларды ала баштайт. Натыйжада дарыканаларда кризис орун алат" дешти аталган компаниялардын кожоюндары. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан