Турсунбай Бакир уулу Кыргызстанга 25 миң долларлык жардам берген уюмдан 6 миң доллар салык төлөтүү талабы болуп жатканын айтты

Депутат Турсунбай Бакир уулу Эл аралык "Human appeal international" гуманитардык коомун салыктан бошотуу керектигин айтып чыкты. Бакир уулу бул коомдук уюм Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынын атынан кайтарымсыз жардам көрсөтүп келгендигин баса белгиледи. “Жакында алар тез жардам кызматы үчүн баасы 25 миң долларды түзгөн унааларды алып келишти, бирок алардан 6 миң доллар салык талап кылып жатышат. Бул адилеттүүлүкпү?”,- деди эл өкүлү. Аталган коомдук уюмдун өкүлүнүн сунушу менен депутаттар бул маселени жабык эшик артында талкууламай болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан