2012-жылдын 17-декабрында Нарын шаарындагы мекеме-ишканалар арасындагы шаарды жаңы жылдык майрамга карата жасалгалоо боюнча кароо-сынак уюштурулган. Бүгүн, 21-январда Нарын шаардык мэриянын жыйындар залына мекеме жана ишкана жетекчилеринин катышуусу менен сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул боюнча атайын түзүлгөн комиссия жасалгаларды карап, байгелүү орундарга татыктуулары жок деп билдиргендиктен, алгачкы 3 орун аныкталбай, каралган байге фонду алдынкы делген 8 мекемеге ыйгарылды. Эске сала кетсек, жеңүүчүлөр үчүн 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга 5 миң сом 3-орунга 3 миң сом акчалай сыйлык каралган. Ошондой эле Нарын шаардык мэриясы тарабынан 10 мекеме-ишкана жетекчилери ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
1. Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев алдынкы мекемелерге сыйлык тапшырууда