Кыргызстанда саздак жерлерди оңдоо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынан 30 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин 21-январдагы жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди. “Кийинки жумада техника бөлүнсө, бул ишти баштайбыз. Саздак жерлердин көпчүлүк бөлүгу Чүй облусунда жайгашкан, ар бир жерди айдоого жарактуу кылууга аракетибизди жумшайбыз. Жылына 6-7 миң гектар саздак жерди оңдоо пландалууда”,- деди министр.