Бүгүн, 7-августта ырчылар Айнура Салахидинова, Роза Шакирова жана Азиза сөзү, обону КРнын Эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбековго таандык “Эсиңдеби, курбум, баягы?” аттуу чыгармага клип тартышты. Клипте ырчылар Кой-Таш айылында чөп чаап, орок оруп, уй саап, буудай сапырып, айтор, чыныгы айыл жашоосун чагылдырышты. Элет элинин жашоосу үч курбу үчүн тааныш болгондуктанбы, айылдык келиндердин образын ачып берүү кыйынга турган жок. Бейпил Маманов режиссёрлук кылган клип жакынкы күндөрдө күйөрмандардын сынына коюлат.
“Үчөөбүз тартылган акыркы клипке күйөрмандардын берген билдирүүлөрүн окуп күлгөнбүз. Алар "баягы эле кычыраган автоунаа, заманбап үйлөр, эч өзгөчөлүк жок, өзгөртпөйсүңөрбү" деген ойлорун калтырышкан. Ал эми бул ырдын маанисине айыл жергеси туура келди. Ошондуктан жөнөкөй образда, шөкөттөлгөн көйнөксүз, бетибизге макияж койбостон, өзүбүздүн балдарыбыз менен келип, айылдын бейпил турмушун клипке тарттык”,- дейт Айнура Салахидинова.
“Баарыбыз айылда туулуп-чоңойгондуктан, айылдын турмушун жатка билебиз. Кан-жаныбызга сиңген жашоону бир күн болсо да өзүбүздүн башыбыздан өткөрүп эскерип коюуну туура көрдүк. Акыркы убакта жасалма нерседен көрөрмандар тажап кетишти. Андан бир аз болсо да алыстап, айылдын жашоосун ырыбыздын клиби аркылуу жеткирүүнү максат кылдык. Көрөрмандар кандай кабыл алышат, аны өздөрү чечишет, жаман билдирүү калтырбайт болуш керек деп ойлойм”,- дейт Азиза.
Ырчы Роза Шакирова буларды кошумчалады: “Мен “Туңгуч” театрында ырдап жүргөндө бул ырды Асылбек Өзүбеков аткарчу. Ошондо "кийин бул ырды мен ырдап чыгам, клибине чыгармачыл досторумду же классташтарымды тартам" деп максат кылган элем. Бүгүн болсо ал максатым орундалды. Азиза, Айнура үчөөбүз 10 жылдан бери чогуу жүрөбүз. Дайыма эле кычыраган көйнөк кийип, бетибизге 5 тонна макияж кылып алып ырдачубуз. Мында кандай болсок, ошондой бойдон тартылдык”.