Юстиция министрлиги Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловду жактоочулук укугунан ажыраткан жок, бирок эскертүү берди

Бүгүн, 21-январда камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткуловду жактоочулук укугунан ажыратуу маселеси каралып, Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн комиссия анын этикалык талапты бузган билдирүүсү үчүн эскертүү берди. Жактоочулук укугунан ажыратылган жок. Бул тууралуу жактоочу өзү маалымдап, бирок Юстиция министрлигинин чечимин кагаз түрүндө алган соң тийиштүү жерге арыздана турганын айтты. "Менде Ташиевге карата психотроптук каражаттын колдонулуп жаткандыгы боюнча кээ бир далилдер бар болчу. Бирок аны колдонулуп жаткан факты катары белгилеген эмесмин. Анын колдонулушу мүмкүндүгүн гана айткам. Жактоочу катары тигил же бул фактыны текшерүү үчүн сурай алам. Бул жактан алып караганда комиссиянын чечими туура эмес",- дейт Айткулов. Эскерте кетсек, Башкы прокуратура камактагы депутат Камчыбек Ташиев боюнча жалган маалымат тараткандыгы үчүн Икрамидин Айткуловду жактоочулук лицензиясынан ажыратуу боюнча Юстиция министрлигине сунуштама берген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан