Алмазбек Атамбаев: "Жашасын Түркия! Жашасын кыргыз-түрк достугу!"

Кечээ, 10-август күнү өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Түркиянын борбору Анкарада Режеп Тайип Эрдоганды шайлоодон утуп чыгышы менен куттуктады.

Анкара шаарында сүйлөгөн сөзүндө президент түрк элине Кыргызстандын атынан салам жолдоп, жаңы ийгиликтерди каалады.

“Бүгүн элдин тандоосун көрдүк. Алар Режеп Тайип Эрдоганды тандашты. Жаңы өлкө башчысы кут болсун. Мындан кийин Түркия дагы өркүндөп-өсөт. Жашасын Түркия! Жашасын кыргыз-түрк достугу!”- деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин түркчө куттуктоосун калың эл колдоого алып турду.

Эске сала кетсек, 10-августта Түркияда президенттик шайлоо өткөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, шайлоочулардын 52 пайызы Режеп Тайип Эрдоганга добуш беришкен. Эми ал Түркиянын 12-президенти болуп калат. Буга чейин ал өкмөт башчылык кызматты аркалап келген. 

Алмазбек Атамбаев Түркия элинде түркчө сүйлөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан