7-апрель окуясы боюнча айыпталуучу Данияр Дунганов үй камагына чыгарылды

7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан Данияр Дунганов үй камагына чыгарылды. Мындай чечим аталган окуя боюнча өткөн 21-январдагы сот ишинде сотко төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков тарабынан чыгарылды. Судьянын айтымында, мындай чечим кабыл алууга Дунгановдун ден соолугунун начарлашы жана анын дарыланууга муктаждыгы себеп болду. Айта кетсек, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Данияр Дунганов "Массалык киши өлтүрүү, Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" сыяктуу бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Бирок анын жактоочусу Дунганов ден соолугуна байланыштуу тез арада дарылануудан өтүшү керектигин айтууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан