Бүгүн, 13-августта Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде “Кыргыз бийи” аттуу клиптин бет ачары болду. Ага Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук жана маданият ишмерлери, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Аземде ырчы Султан Садыралиев сөзү белгилүү акын Кыялбек Урманбетовго, обону Азамат Отунчиев жана Мирлан Ниязовго таандык "Кыргыз бийи" ырын аткарса, аны коштогон "Миң кыял" бий тобу жаңыча иштелип чыккан кыргыз бийинин элементтерин көрүүчүлөргө тартуулады.
Патриоттук сезимди ойготкон чыгармага алгачкылардан күбө болушкандар кол чаап колдоп отурушту. Алар кыргыз бийи мыкты деңгээлде иштелип чыкканын жана клип жакшы сапатта тартылганын баса белгилеп өтүштү. Салтанаттын соңунда келген коноктор жаркын маанайда кыргыз бийин чогуу бийлешти.
Ырдын сөзүн жазган акын Кыялбек Урманбетов: “Клипке көп эмгек, каражат кетип, мыкты эмгек жаралыптыр. Эгер ушундай колдоо болуп турса, кыргыздын ырчы, бийчилери дүйнөнү эбак дүңгүрөтмөк. Мага клипте бээни саап баштаганы аябай жакты. Ошондо чыйк-чыйк деп сүттүн чакага түшүп жатканында кыргыз бийинин кайрыгы бар экен. Балким, кыргыз бийинин элементтери ошондон чыкса керек”,- деди.
“Ар бир улуттун өзүнө таандык бийи бар эмеспи. Биз дагы кыргыздар той-топурда, жакшылыктарда өзүнүн нукура улуттук бийине чимириле бийлесин деген максатта бул ойду ишке ашырдык. Кытайдагы кыргыздар кыргыз бийин сактап калышкан экен. Ошол жакка барып тарыхта калган элементтерди үйрөнүп келдик. Казактар бийлеп жүргөн "Кара жоргону" бийлегенде денең талып, колдоруң ооруп чыгат. Бул бийде денеңди бош алып бийлей бересиң”,- дейт Бакыт Байсариев.
“2 ай маңдай тер төккөн эмгектин үзүрүн бүгүн көрүп жатабыз. Кыргыздын элин, жерин көрүп, жергебиздин ажайып кооз жерлеринде тарттык. "Кара жорго" талашка түштү го. Мында долбоордун авторлору кыргызга гана таандык, эч ким талашпагандай идея менен иштеп чыгышты. Ата-бабабыздын бул бийи кыргыз калкына жайылып, кыргыздын бийи болуп каларына ишенем”,- дейт Сүйүн Откеев.
“Кыргыз бийи” долбоорунун жетекчиси Рысбек Жабиров: “Бул долбоордун катышуучулары жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ушул бий биримдиктин, ынтымактын бийи болсун деген чакырык таштап, жалпы элге белек кылат”,- деди.