Бишкекте жаш жигиттин акчасы менен уюлдук телефонун тартып алганга шектүү топ кармалды
4-ноябрь күнү Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол күнү түнкү саат 2:00дөр чамасында Бишкектин Кулиев көчөсүнөн 18-22 жаштардагы 5 эркектен турган топ жабырлануучунун 13 миң сомун жана уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алгандыгы айтылат. Кылмыштын изи сууй электе кылмышка айыпталып 17 жаштагы 3 жигит, ошондой эле 31 жана 27 жаштагы жарандар колго түшүрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.