Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеӊешчилиги Мухаммед пайгамбарга арналган ырларга сынак жарыялады

Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинин дин иштери боюнча кеӊешчилиги  “Асыл инсан - пайгамбарым Мухаммед” аттуу ыр сынак жарыялады. Аталган кеӊешчилик билдиргендей, сынактын талабы - Мухаммед пайгамбарга арнап кыргыз тилинде эӊ аз дегенде 5, эӊ көп 12 куплеттен турган ыр жазуу. Бул ыр сынакка  20 жаштан жогорку, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзуна мүчө болгондор өзүнчө, ал эми катардагы каалоочулар өзүнчө тартипте катыша алышат. Ырды paygambar@gmail.com электрондук дарегине, же болбосо Бишкек шаары, Москва көчөсү 89 (Түркия элчилигинин имараты) дарегине жөнөтсө болот. Ырлар 23-январдан 29-март, саат 17:00гө чейин кабыл алынат. Ал эми 15-апрелде жеңүүчүлөр аныкталат. Байгелүү орунду алгандарга 200 доллардан 1000 долларга чейинки акчалай сыйлыктар тапшырылат. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан