Ашууда каза болгон жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди

Ашууда каза болгон жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Каза болгон жаран Беш-Мойнок айылынын 1962-жылы туулган Толкунбай Абдыров аттуу тургуну болгон. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-октябрь күнү издөө-куткаруу иштерине Коргоо министрлигинен МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылган. Саат 18:30да каза болгон адамдын жансыз денеси Көк-Суу жайлоосунан түшүрүлүп, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Айта кетсек, буга чейин Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7 чабандын 2000 баш кою менен ашууда калганы айтылган. Учурда 4 адамдан турган чабандар 1500 койду айдап, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районун көздөй кетишкен. Ал эми 2 адамдан турган чабандар 500 кой менен Көк-Суу жайлоосунан Жалал-Абад облусунун Саз жайлоосуна өтүшкөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jiide.8792
2014-10-10 10:08:03
жаны жаанаттан болсун!! Аллах кунолорун кечирсин тууган тушкандарына терен конул айтабыз
+9
bema_bema
2014-10-10 12:04:11
Эх турмуш,жаны жаннаттан болсун
+3
Frunze1
2014-10-10 14:34:24
Акырети жарык болсун, жаны жаннатта болсун, тагдырында ушул бар экен эле, кап... Жакындарына конул айтып сабыр тилейм...
+2
Ganibal87
2014-10-10 17:30:31
Аллах бейишинден насип ет куноолорун кечир туугандарына сабыр бер
+2
Vunderking..
2014-10-11 16:17:29
эх жаш экен бейштин торунон насип этсин уйбулосуно сабрдулук берсин аллахм
+2
Nur Abdulaziz
2014-10-14 12:06:46
Инна лиЛляхи ва инна алейхи раджиун.Чындыгында баарыбыз Аллахтанбыз жана Ага гана кайтуучубуз.Мамасали бабамдын мага окшогон чоборосу Толкунбай (Абдыров) авам дуйно салыптыр.Аттин ай,кор тирилик куруп кетсин.Ашуудан кой айдап баратып,суука тонуп коз жумуптур.Баласынын бул окуясын окуп козумо жаш алып жибердим.Чыныгы момун киши болчу,эч кимге зыяны тийбеген.Жазындасы эле бирге намаз окуп,андан сон китеп ээлери жонундо менден сурап,жоопторума ынанып жатканы коз алдымда алигиче.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан