Канжар Кадыралиев "карындашым Ыргал Кадыралиева - депутат, президент менен түз байланышат, колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатканын айтат сабалган жарандын апасы

Канжар Кадыралиевдин жигиттери баламды алдыма коюп алып сабашты”,- дейт Кадыралиевден жабыр тарткан ишкер Сактан Келдибаевдин апасы Абиба Келдибаева. Бул тууралуу Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Келдибаева бүгүн, 10-октябрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Жыйында үй-бүлөсү менен Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы, Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевден кордук көрүп жатышканы тууралуу айтып беришти.

Алардын айтымдарында, Канжар коркутуу аракети менен баласы Сактандын кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөөдө. “Баламдын бети-башын канжалатып, анысы аз келгенсип, алдыма алып келип да сабашты. “Тийбегиле” десем, менин да башыма тапанча такап, “үнүңдү чыгарба” деп коркутушту. Балам болсо “акчаны, машинамды алдыңар, апам менен атама тийбегиле” десе, “бул акча бизге аз, 20 миң доллар жана заводуңду бересиң” деп сабашты”,- деди Келдибаева.

Канжар карындашы Ыргал Кадыралиеванын күчүнө таянып жатканын кошумчалады. “Менин карындашым - депутат, президент Алмазбек Атамбаев менен түз байланышат. Колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатат. Прокуратураларга жазган арыздарыбыздан пайда чыкпай жатат. Анткени өзү прокуратурада иштегендиктен, баары эле “эртең кармайбыз, мына кармайбыз” деп калтырып коюп жатышат”,- деди ал.    

"Депутат Ыргал Кадыралиеванын агасынын жигиттери мылтык такап, акча талап кылышты"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
Frunze1
2014-10-10 14:39:53
Балким уулунун завод-фабрикасы бардыр, эмне болуптур, анын ишмердуулугун тешкеруучу-тескоочу органдар бар го салык инспексиясынан тарта толгон-токой же Атамбаев бул ишти бандиттерге тапшырыптырбы?! Ата-энесинин козунчо токмоктоп сабайт, ата-энесин камап коркутуп кордойт деген эмне кеп!!! Туура, Ыргал да, Аида Салянова да Атамбаевдин жакын нокорлору, карга карганын козун чокубайт болуп прокуратуранын иш козгобогону ошондон, анын устуно Кыргызстанда адилеттуулук жок. Эл которулмойун болбойт дагы
+2
Frunze1
2014-10-10 14:48:01
Атамбаев эркек болсо ошол бандит Канжарды убакытлуу камап (уй камагына эмес), иштин чоо-жайы такталып сот процесси бутуп окум угузулганча чейин СИЗОдо калсын, Ыргал Кадыралиева кызматын тапшырсын, эгер андай болбосо, ууру-кескинин бийлиги экенине дагы бир жолу ишенбеске арганар жок... Чек арада кыргыздар олуп жатат, проблема белчеден, адилетсиздик миндеп саналат, бийлик болсо кабагым кашым деп койбойт, бийлик элдин бийлигиби же бир ууч бандиттердин бийлигиби?!!!!!!!!!!!!!!!
+2
edu.kg
2014-10-10 15:38:50
Бул нерсе боло бермекчи дагы да ... Качан гана мээси жок кызматына таянган адамдарды кетирмейин болоберет конумуш адат болуп.
+1
tolkun85
2014-10-10 16:04:21
кыргызстагдагы РЕКЕТЧИЛИК доор качан бутот деги
+1
bema_bema
2014-10-10 16:06:33
Жабырлануучу адамдар ото жаман адамдар,бул патстава суйлогон создору бири бирине дал келбейтСанжарын жок кылды эле эми Канжары калган окшойт
-2
goodman02
2014-10-10 16:26:47
Туура айтасынар эмне депутат прокурор болсо эле эмне экен президентке да бомжга да мыйзам бирдей эмне прокурормун депутатмын деп эле элди кыйнай бериш керекпи же эмне карапайым элдин жеке ишканасы болсо болбойбу бир гана чондордун менчиги болуш керекпи чондорго койсон Кыргызстандын баарын менчиктеп алгысы келет мен да билем Канжар кандай адам экенин бироолордун машинасын сатып алам кийин берем акчасын деп тартып алып эле журот
+2
Aipri
2014-10-10 16:40:39
Туура айтасынар. Кадыралиевалар уят.
+1
Ganibal87
2014-10-10 16:57:19
Бакиевтер туура саясат жургузуп келаткан бандиттерди тазалап байларды ушутуп туугандарды каттуу кармап тилеке каршы баласы азгырды еми жаны бийликти озунор анализдеп коргуло? Чек ара,Суу, електир енергия,Омур бойу еркинен ажыратылгандарды кой берип мне деген гана саясат жургузуп келди 4жыл бойу
+1
Bekzamann
2014-10-10 17:24:41
Ganibal87, туура!
0
Fatimka
2014-10-10 17:24:08
Бийликке билимдуу, интеллектуу адамдарды коюш керек эле. Кайдагы билимсиз, рекеттерди койбой. Азыркы бийликтегилердин 90 % и акчасы бар, бирок билими жоктор. Заочный эптеп окугандар.
0
mersedes2013
2014-10-11 00:38:04
биздин олкодо жашоо коркунучтуу болуп баратат го ,коз коруно кылмыштуулук кучоп баратат ,каяка баратабыз деги?биздин олкого тез арада Кучтуу Таза Бийлик келиши керек,мамлекет учун ,эл учун кызмат кылган
+1
D.U.P
2014-10-11 00:57:56
Канжар ХХХ колунан баары келет камаш керек ошол жакта ХХХ ХХХ керек, чыкса кайра кучтонот воровское понятия болуп
+3
admin_portal
2014-10-13 11:30:28
D.U.P - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
Pegazka
2014-10-11 04:19:54
Kanjarby ,Yrgalyby,y9tyy jok abruisiz ekensiner,ene kol kototrgon bolychy bele.jazanardy kydai bersin..
+1
arzumat
2014-10-12 14:11:20
aziko88.сен женене кайн синдилик кылып атат окшойсун.ойлонуп кор сенин да бир туганынды каяктагы айбандар сабап тоноп жатса.анысы аз келгеси ата эненди сабап жатса .сен чекде карап тура аласынбы.буларда чегине жеткеде.айласы куруп барып жатышат ал жерге.ошол карыган кемпир чалга зарык беле.
0
arzumat
2014-10-12 14:20:11
bema bema сен дагы ойлонуп кор.сенин да ата энени кордоп сабашса эмне кылат элен.сен да жанын чыгат.барчу жерге барасын.анан сени быяктагы адамдар.бул начар адам качан болсо сотошуп журо берет.бул пастава дешсе не кыласын. менин куйгонум карыган ата энеси.
0
tursunbaev2004
2014-10-12 18:21:32
100% подства
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан