Жогорку Кеңештин 15-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков өкмөттү отставкага кетирүү керектигин кайрадан айтып чыкты. "Каржы министрлигинде иштеген кызматкерлердин тамак-ашы үчүн айына 5 миң сомдон бөлүнүүдө, ал эми мугалимдер мынча суммадагы акча үчүн бир ай иштеп жатышат",- дейт депутат. Жыйында вице-премьер-министр Эльвира Сариева мугалимдер күн сайын тамак-ашына 150-500 сом жумшай турганын айтты. Мындан кийин депутат Исаков мугалимдер менен министрликтин чыгымдарын салыштырууга үлгүрдү.
"Эгер мугалим күнүнө тамак-ашына 100 сомдон жумшаса, 30 күндө 3000 миң сом коротуп жатат. Айлыгы болсо 5000 сом. Ал эми Каржы министрлиги ар бир кызматкеринин тамак-ашына 5000 сомдон бөлүп берүүдө. Мындай өкмөт тезинен отставкага кетиши керек",- дейт Исаков.
Айта кетсек, парламент бүгүн мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча токтом кабыл алды.