"ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарындагы ресторандардын биринде бирөө тарабынан сабалыптыр" деген маалымат чындыкка дал келбесин Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн, 15-октябрда айтып чыкты. Анын айтымында, айрым массалык маалымат каражаттарында «Оштогу популярдуу «Изюм» ресторанында 6-октябрь күнү ИИМдин Оштогу башкы башкармалыгынын кызматкерлери кесиптик майрамын катуу тойлошуп, арак-шарап суудай аккан экен, акырында чоң мушташ чыккан. Милициянын Оштогу башчысы, генерал Сүйүн Өмүрзаков Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Марат Орозбаевге тетири сүйлөп, сөгүп коёт. Анда полковник Орозбаев генерал Өмүрзаков анын жетекчиси экенине карабай тумшукка согуп, сабап кирет. Генералдын кошоматчылары Өмүрзаков менен Орозбаевди жекеме-жеке калтырбай, баары полковник Орозбаевге асылып, аны ортого алып, жабыла көк ала койдой сабап-тепкилешет. Орозбаев ошол күндөн тартып ооруканада жатып, 14-октябрда гана жумушка чыкты. Көзү-башы көк болгондуктан, сурагандарга «тепкичтен кулап түштүм» деп жатыптыр. Генерал Сүйүн Өмүрзаков да бул окуя боюнча Орозбаев менен тил табышып, жабылуу аяк жабылуу бойдон калуусуна жан талашып жаткан экен» деген маанидеги такталбаган маалымат жарыялангандыгын айтып, бул жөн гана кара пиар экенин айтып өттү. "Муну аталган маалыматты тараткандардын милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына жалган ушактар менен доо кетирүүнү көздөгөн аракети жана кезектеги кара пиар ыкмасы деп билебиз. Ошондой эле жогорудагы маалыматтар чындыкка дал келбеген жалган ушак экендигин маалымдайбыз",- дейт ал.