Сузактык эки чабан дале дайынсыз болууда

Сузактык эки чабан дале дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-октябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 15-октябрь күнү 7 адамдан турган топ Көк-Суу ашуусунда издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат. Мындан сырткары Сузак районунда 8 адамдан турган топ аттар менен Көк-Суу жайлоосунун Автобус-Таш тилкесинде издөө иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, Сузак районундагы Барпы айыл аймагына караштуу Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзалим Сариков менен Арипжан Маматалиев 2014-жылдын 1-октябрында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосуна койлорун айдап чыгып кетишкен боюнча жайлоого жетишпей, дайынсыз жоголушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан