Депутаттар Ички иштер министри Шамиль Атахановдун комитет жыйындарына катышпай жатканын сынга алышты

Бүгүн, 29-январда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин депутаттары Ички иштер министри Шамиль Атахановдун 4-ирет комитет жыйынына келбей койгонун сынга алышты. Депутат Кенжебек Бокоев "уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ички иштер органдарын реформалоонун зарылчылыгы тууралуу маалымат угуу үчүн министрдин өзү катышууга тийиш" деди. Жыйынтыгында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге Ички иштер министринин парламенттик комитет жыйынына катышуусун камсыз кылуу боюнча сунуш жөнөтүлмөй болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан