"Кыргызстанда архив кызматкерлери Каржы министрлигинен айлыктарын көтөрүп берүүнү суранып жатышат". Бул маалыматты бүгүн, 29-январда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Каржы министри Ольга Лаврова билдирди. Министр маалымдагандай, бүгүнкү күндө архив кызматкерлеринин маянасы 3-6 миң сомдон ашпайт. Жыйында архив кызматында иштегендер көбүнчө аялдар жана жалгыз бой энелер экендиги да айтылды.