22-январдан бери Ош шаарындагы Ош технологиялык университетинде "Жогорку билим берүүдөгү актуалдуу көйгөйлөр" аттуу семинар өтүүдө. Аталган окуу жайдын маалымат-катчысы билдиргендей, бул семинардын негизги максаты – окутуучуларга эки баскычтуу жана дистанттык билим берүү системинин талаптарына ылайык окуу пландарын түзүүнү, кагаз иштерин жүргүзүүнү жана билим берүүдөгү жаңы интерактивдүү усулдарды үйрөтүү болуп саналат. Иш-чарага 60тай окутуучу катышып, аларга ошол эле университеттин профессорлору лекция окушууда. Семинар бүгүн, 30-январда жыйынтыкталып, окутуучуларга сертификаттар тапшырылат.