Токмокто жеке күзөт компаниясына тиешелүү инкассатор унаасы тонолду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен бүгүн, 3-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, карактоо бүгүн эртең менен Токмок шаарында болгон. Анда инкассатор унаасын бет капчан адамдар башкарган унаа келип сүзгөн. Андан соң кылмышкерлер унаанын ичиндегилерге тапанча такап, акча салынган баштыкты жана күзөт компаниясына тиешелүү куралды алып кетишкен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, каракталган акча бир канча май куюучу жайдын эки күндө тапкан кирешеси болгон. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.