Талас. Облуста былтыр 8 сел кырсыгы катталып, 17 үй жараксыз абалга келген

  2012-жылы Талас облусунун аймагында 8 сел кырсыгы катталып, мамлекетке 48 миллион 971 миң сомдук чыгаша алып келген. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Былтыр облуста 258 үйдү сел каптап, 17 турак үй жараксыз абалда калган. Мындан сырткары 6 көпүрө бузулуп, 1 миң 343 баш кой-эчки сууга аккан. Ал эми табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгы тарабынан 6 миң 170 литр күйүүчү май бөлүнүп, 31 атайын техникалар ишке тартылган. Кырсыктан жабыркаган 102 үй-бүлөгө өкмөт тарабынан 50 миң сомдон 200 миң сомго чейинки суммада узак мөөнөткө ссудалар берилген. Ссудалардын жалпы суммасы 18 миллион 900 миң сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан