Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы түрмөлөрдө жана колонияларда 15 миңдей жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Бул тууралуу КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам режим башкармалыгынын башчысы Орозбек Энтериев билдирди. "Учурда абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын саны 15 миң адамды түзөт. Алардын болжол менен 5,5 миңи жабык мекемелерде кармалат, убактылуу кармоочу жайларда 2 миң, ошондой эле жатак-абактарда 5 миң жаран бар",- деп билдирди Энтериев.