Быйыл өлкөдө дыйканчылыкка жараксыз жерлерди жакшыртуу үчүн 30 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда маалымат жыйында Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстанда 100 миң гектарга жакын иштетүүгө жараксыз жер бар. “Биз Мамлекетттик каттоо кызматы аркылуу дыйканчылыкка жарактуу жерлердин аянтын көбөйтүүнү көздөдүк. Бөлүнгөн каражатка 11,2 миң гектар жерди жакшыртуу пландалууда”,- деди Узакбаев.