Бишкекте жүргүнчүлөрдүн талаптарына жооп бербеген кичиавтобустар аныкталууда

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Шаар транспортун башкаруу кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдүн талабына жооп бербеген 27 кичи автобус аныкталды. Аталган башкармалык тарабынан текшерүү иштери 18инен 31-октябрга чейин жүргүзүлгөнүн Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле, мэрия белгилегендей, текшерүү иштери дагы да уланууда жана жүргүнчүлөрдүн талаптарына жооп бериш үчүн ар бир кичи автобус төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек: сырткы көрүнүшү, салондун санитардык абалы, отургучтардын жетиштүүлүгү, отургучтардын абалы жакшы деңгээлде болушу абзел. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан