1-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ал эми түнкүсүн айрым райондордо жаан-чачын болушу күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде күндүз кар жаап, түнкүсүн Чүй жана Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшүп, жолдор тайгак болот. 1-февралга карата күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +6°C, түнкүсүн -3°C,
Талас облусунда күндүз +10°C, түнкүсүн +1°C,
Ош облусунда күндүз +8°C, түнкүсүн 0°C,
Баткен облусунда күндүз + 10C, түнкүсүн -3C,
Жалал-Абад облусунда күндүз +8°C, түнкүсүн -1°C,
Ысык-Көл облусунда күндүз +5°C, түнкүсүн -4°C,
Нарын облусунда күндүз -3°C, түнкүсүн -11°C,
Бишкек шаарында күндүз +5°C, түнкүсүн -3°C. Борбор калаада күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшөт.