Өмүрбек Текебаев "Ата Мекен" фракциясынын А.Юсуповдун ишине байланышкан бүгүнкү жыйынын толук бойдон НТС каналынан көрсөтүү сунушун айтты

Депутат Өмүрбек Текебаев 7-8-апрелдеги мародёрчулук иштер боюнча өткөн "Ата Мекен" фракциясынын кезексиз жыйналышында: "Учурунда НТС каналы түрмөдөгү Абдулла Юсуповдун маегин кандай кылып көрсөтсө, биздин бүгүнкү жыйынды да дал ошондой убак-сааты менен көрсөтүүнү сунуш кылабыз",- деди. Муну башка депутаттар да колдоого алып, жалпы эле журналисттерди объективдүү маалымат берүүгө, патриоттуулукка үндөштү. Депутат Гүласал Садырбаева "кечээ жакында Юсуповдун теледен сүйлөп жатканын көрүп калдым. Үй-бүлөсү, баласы тууралуу сүйлөп жатыптыр" деди эле, фракция лидери Өмүрбек Текебаев ЖАМК (Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын) төрага орун басары Кубанычбек Кененбаевге кайрылып "Юсуповдон кайрадан маек алууга ким уруксат берди?" деген суроо узатты. Кененбаев бул такталбаган маалымат экенин, эч кандай жаңыдан маек алуу болбогонун, мурунку съёмкалар болушу мүмкүн экенин айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан