"Ата Мекен" партиясы өзү алып келген сөз эркиндигинин курмандыгына айланып жатканын депутат Бактыбек Калмаматов билдирди

Бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "эмне үчүн түрмөдөгү Абдулла Юсуповго мыйзамсыз кирип маек алган телеканалдын иши боюнча козголгон кылмыш иши токтоп калат? 20 жылдык тарыхы бар, акчага, байлыкка сатылбаган партиянын атына жалган жалаа жаап, элдин башын айландыруу бул күнөө эмеспи?" деп иштин кайра каралышын Башкы прокуратурадан талап кылды. Өз учурунда депутат Бактыбек Калмаматов айрым учурларда партиянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу туура эмес маалыматтар таратылып жатканына токтолуп: "Сөз эркиндиги үчүн 20 жыл күрөшүп келген - "Ата Мекен" партиясы. Тилекке каршы, кээде биз өзүбүз алып келген сөз эркиндигинин курмандыгы болуп калуудабыз",- деди.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан