Кечээ, 25-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айылдык округунда 90 орундуу балдар бакчасынын ачылышы болду. Ага жергиликтүү тургундар, өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана райондун акими Тилек Матраимов катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда С.Жээнбеков балдар бакчасына компьютер жана башка белектерди тапшырды. Жергиликтүү тургундар акыркы кездерде бийлик тарабынан көптөгөн курулуш иштери жүрүп, көп объектилер ачылып жатканына ыраазычылык билдиришти.