Кудайберген Базарбаев Москвадагы Медициналык-социалдык экспертизалар борборуна барды

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарындагы Медициналык-социалдык экспертизалар борборуна барды. Анда министр мырза Кыргызстанда да медициналык-социалдык кызмат боюнча эл аралык стандарттар киргизилерин айткан. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы бүгүн, 27-ноябрда билдирди.

“Биз бул багыттагы реформаларды 2014-жылдын башында баштаганбыз. Мындан улам бизге Орусиянын тажрыйбасы маанилүү. Реформалардын максаты - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин майыптыгын аныктоо эле эмес, алардын ден соолугунун бекем болушунун максималдуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү”,- дейт Кудайберген Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан