"Төрөт үйүнөн ымыркайды уурдаган" деп камалган медайымдын энеси ачкачылык жарыялоодо

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаардык сотунун алдында "№4-төрөт үйүнөн ымыркайды уурдаган" деп айыпталып, 15 жылга эркиндигинен ажыратылган медайым Шарапат Мамырканованын энеси ачкачылык жарыялоодо. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын туугандары билдиришти.
Белгилүү болгондой, эртең аталган сотто апелляциялык арыз боюнча отурум өтмөкчү. "Ш.Мамырканованын эч кандай күнөөсү жок. Ымыркайды уурдагандар өздөрүн сакташ үчүн эптеп башка бирөөнү каматып коюуга аракет жасашкан. Алардын биринин күйөөсү УКМКда иштейт экен. Атасы өмүр бою абакта начальник болуп иштечү. Балким, күйөөсү "постанова" жасап, күнөөлүү аялын сактап калган чыгар",- дешет айыпталуучунун туугандары.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле. Кылмышка шектүү болгон Нуржан МекеноваШарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму 19-июнда болгон. Соттун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Мекеновага 270 миң сом айып пул салынган. Биринчи инстанциянын чечимине макул болбогон жактоочулары апелляциялык түрдө Бишкек шаардык сотуна арызданышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
myrza80
2014-11-27 17:18:22
Бала ошондой ширин бироонун баласын уурдап атканда ойлонбодубу мунун да апасы кыйналат деп,бизде пикет ачкачылык мода болуп калды жоопкерчиликтен кутултуш учун.
0
mr.juma
2014-11-27 18:44:30
эми уурдаласа болду бул башкаларга сабак болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан