Алмазбек Атамбаев: "Мелис Мырзакматовго иш козголгонун интернеттен окуп, "эми муну да менден көрүшөт" деп кыжалат болдум"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовго Оштогу эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча козголгон кылмыш иши жана башка кылмыш иши козголгон депутаттардын иши тууралуу телеканалдардын бириндеги маегинде комментарий берди. Президент күнөөлүү адам мыйзам алдында сөзсүз жазаланышы керектигин белгиледи. 

Качан мага кезек жетет?” деп үрпөйүп күткөндөр көп. Саясатка барам деген адам таптаза болушу керек. Мен деле 15 жыл оппозицияда жүрдүм, бийликте да жүрдүм. Акаевдин бийлиги да, Бакиевдин бийлиги да канча издегени менен, мага каршы эч нерсе таппай койду, эч нерсе жок болчу. Азыр бирөөгө кылмыш иши козголсо эле дароо ооруп калууда же “бул саясий куугунтук” деп кыйкырып чыгууда. Менин бирөөнү аңдыгандан башка кылар ишим жокпу? Албетте, кыңыр иштер чыга берет экен. 

Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголгонун интернеттен окуп алып, чынын айтайын, дароо кыжалат болдум, “эми муну да менден көрүшөт экен” деп. Ош шаардык кеңешинде эч качан миллиард сом болгон эмес. Мага бул каражатты чет мамлекеттерден издөөгө туура келди. Эгерде депутат болобу же мэр болобу, өзүн пайгамбар же хан катары көрүп, туура эмес иштерди кылса, эртели-кеч ал ачыкка чыгат. Ошондуктан айтылган сындарга, ушактарга карабай коррупция менен күрөшүү мындан ары да улана берет. Мындан башка жолубуз жок. Кыргызстанды мамлекет катары чиритип жаткан илдеттердин бири - коррупция. Муну менен күрөшүүнү токтотпошубуз керек”,- деди өлкө жетекчиси.  

КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин маеги 01.12.14
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан