Ош шааарына 75 даана жогорку кубаттуу электр көмөк чордону алынды

Ош шаарындагы электр энергиясына болгон авариялык өчүрүүлөрдү кыскартуу жана эскилиги жеткен көмөк чордондорду жаңылоо максатында өкмөттүн эсебинен 164 миллион сомго кубаттуулугу жогору болгон электр көмөк чордондору алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, алынып келген көмөк чордондордун 20 даанасы 1000 кВА, 20 даанасы 630 кВА жана 35 даанасы 400 кВА кубаттуу болуп эсептелет. Жаңы алынгандар кубаттуулугу аз көмөк чордондун ордуна коюлуп, эскилерин бир катар оңдоп-түзөөдөн өткөргөн соң, алар кайрадан керектелүүчү жайга орнотулат. Мындан сырткары 650 даана электр мамысы бүгүнкү күндө шаардын керектүү жайларына орнотулууда.  

“Азыркы учурда элдин турмуш-тиричилиги жакшырган сайын электр энергиясына болгон суроо-талап өсүүдө. Ошондуктан кубаттуулугу аз көмөк чордондорун алмаштырып, авариялык өчүрүүлөрдүн санын кыскартмакчыбыз”,- дейт Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу. 

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев алынып келген электр жабдууларын калаага гана пайдаланылсын деген тапшырма берип, максатсыз пайдаланган кызматкерлер боло турган болсо жазасын алышарын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
010288
2014-12-08 18:57:32
светти очурушпосун эмнеси болсо да.роддомдон бугун чыктык
0
alinur82
2014-12-08 23:34:03
010288, бул комок чордондорду орнотобуз деп дагы очурушот да,болбосо кыштын кыраан чилдесинде алмаштыруу,ремонттоо болчу беле?
0
zhumali
2014-12-09 03:03:42
010288 кутуктайм сизди кыргызды дагы бир санга кобойтконунузго. жаш балалуу жана карыларга кыйын болотурган болду эми эптеп жазга чыгып кетсек кутулуп калабыз деген умутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан