Асылбек Жээнбеков КРнын искусство өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргызстандын маданият жана искусство чеберлери 20 жылдан ашуун мезгилден бери унутта калып келет. Учурда өлкөдөгү сүрөтчүлөрдүн 90 пайызы эптеп эле жанын багышууда. Мындай билдирүүнү бүгүн, 4-февралда КРнын Жазуучулар бирлигинин төрагасы Чолпонбек Абыкеев, Композиторлор бирлигинин төрагасы Турдубек Чокиев, Сүрөтчүлөр бирлигинин төрагасы Таалайбек Курманов төрага Асылбек Жээнбеков менен болгон жолугушууда айтышты. Алар төрагага өздөрү даярдаган "КРнын чыгармачыл бирликтери жөнүндө" мыйзамын жана "Маданият жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун тапшырышты. Ал эми Асылбек Жээнбеков алар сунуштап жаткан мыйзам долбоорлору ЖКнын тармактык комитеттеринде талкуулоо, кыска мөөнөт аралыгында тиешелүү чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгын баса белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан