Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Таиландда машыгуу сборунан өтүп, Кытай менен 2 жолдоштук беттеш өткөргөн соң Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курама команда 1-12-декабрь аралыгында Таиландда машыгуу сборун өткөрдү. 13-декабрда футболчулар Кытай курамасына каршы расмий эмес жолдоштук оюнда 4:0 эсебинде утулса, 17-декабрда ФИФАнын желеги астында өткөн жолдоштук беттеште кытайлыктарга 2:0 эсебинде утулду.