super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Өзбек, орус тилинде аталган көчөлөр кыргызчаланышы ыктымал

 
Жалал-Абад облусундагы өзбек жана орус тилинде аталган көчөлөрдүн аталышы өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Үпөл Асаналиева билдирди. Анын айтымында, бул демилгени ал өзү ушул жылдын 17-июлунда КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ырыскелди Момбековдун катышуусунда өткөн коллегияда көтөрүп чыккан. "Учурда облус боюнча 140ка чукул орусча аталыштагы көчөлөр бар. Өзбек тилинде 10 көчө болсо, кыргыз тилиндеги аталыш менен болгону 50 көчө катталган. Эми бул демилге аймактык башкармалыктарга кат аркылуу жөнөтүлөт. Андан соң бул маселе Жалал-Абад шаардык депутаттардын Кеңешинин сессиясына коюлат. Эгер бул демилге депутаттар тарабынан колдоого алынса, анда элдин сунушун эске алуу менен  көчө аталыштары кыргызчалана баштайт",- дейт ал. Ошону менен кафе, ресторан жана соода түйүндөрүнүн аттары да тескөөгө муктаж экендигин кошумчалады.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
24.10.2012. 21:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
458
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
04-12-2014 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moscow
+1
Созсуз ушундай болушу зарыл.Антпесе Кыргыз мамлекети дегени кайсы. Эн туура !!! Жалалабатта Ошто негизи туштук ороонундо кочо мекеме дегеле баарын карап чыгуу маселеси зарыл!!!
24.10.2012. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
02-11-2010
Соӊку аракети:
18-07-2018 15:18
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча кылса жакшы го бирок биз ошол аталышка конуп калганбызда,,, озбек кочолорун которсо го болот, Спутник Сму Центр микро райондору бар орус аталышта ,,, эми аларлды жон еле калтырышпады да ,,, Союз мезгилин естеп журот елек , деген ой да ,,, рахмат
24.10.2012. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-10-2010
Соӊку аракети:
18-01-2018 20:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочолор Кыргыз тилинде болсо жакшы болмок . Биз да кичине болсо оз тилибизде уйронмокбуз ( биз дегеним бут Кыргыздар) орусча жана озбекченин кереги жок . Туристер учун англисче переводу болсо
25.10.2012. 18:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
анча алдын кылыш керек болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: