Талас. "Жер-Үй" алтын кенин иштетүүнү сынактан утуп алган компания Талас шаары үчүн 478 миллион сомдук иштерди жасап берет

Адистердин айтымында, “Жер-Үй” алтын кени “Кумтөрдөн” кийинки эле экинчи орунда турат. Ал жерде 100 тоннага жакын алтын бар деп болжолдонууда. Бул маалыматты өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кыэматы билдирди. Сынакта “Жер-Үй” алтын кенин иштетүүнү утуп алган компания 2019-жылга чейин Талас району үчүн 324 миллион сомдук, Манас району үчүн 405 миллион, Бакай-Ата району үчүн 447,5 миллион, Кара-Буура району үчүн 395,9 миллион, Талас шаары үчүн 478 миллион сомдук социалдык багыттагы иштерди жасап бермекчи. Ал иштердин ичине жолдорду оңдоо, көпүрөлөрдү куруу, мектептерди, бала бакчаларды, саламаттыкты сактоо мекемелерин, китепканаларды оңдоо жана куруу иштери кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан