Баткенде үй ээсин, келинин жана небересинин колу-бутун таңып, 4000 сом акча, алтын буюмдарын алып кеткендер кармалышты. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 9-январда билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын 27-ноябрында Чоңгара айылында болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталган. Анын натыйжасында 1984-жылы туулган Караев Ысманали, 1992-жылы туулган Абдиллаев Жамал, 1992-жылы туулган Орозов Арапбай, 1992-жылы Шерматов Субанкул, 1990-жылы туулган Өмүрзак уулу Алмаз кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошол учурда үйдө 78 жаштагы үй ээси Базаров Абдилат, 17 жаштагы небереси Абдикарим кызы Айзада жана 30 жаштагы келини Мамытова Кайырма болгон.