Бүгүн, 12-январдан 13-январга караган түнү ФИФАнын версиясы боюнча 2014-жылдын мыктыларын аныктоого багытталган салтанаттуу кече болуп өттү. Ага бир катар спорттук уюмдардын башчылары, футбол ишмерлери, машыктыруучулар, футболчулар катышты. Жыйынтыгында бир катар номинациялар боюнча жыл мыктылары аныкталды. Кеченин эң маанилүү сыйлыгы ФИФАнын версиясы боюнча жыл мыктысына берилүүчү "Алтын топ" сыйлыгы болду. Бул сыйлык португалиялык Криштиану Роналдуга ("Реал" клубу) ыйгарылды. К.Роналду 2014-жылы УЕФАнын Чемпиондор Лигасын утуу менен катар башкы бомбардир боло алган. Ошондой эле анын эсебинде клубдар аралык Дүйнө чемпиондугу бар. Футболчу жыл ичинде жалпы расмий оюндарда 61 гол жараткан. Эске салсак, Криштиану Роналду 2013-жылы да бул сыйлыкты утуп алган.
Кошумчалай кетсек, бул сыйлык үчүн ал аргентиналык Лионель Месси жана германиялык Мануэль Нойер менен жарышка түшкөн.