“Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчилигине төкмө акын Аалы Туткучов дайындалды

Бүгүн, 15-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Эстебес Турсуналиев атындагы “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчилигине аталган топтун артисти, төкмө акын Аалы Туткучов дайындалды. Бул тууралуу Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Улан Зайнидин билдирди.
Маалым болгондой, А.Туткучовду бул кызматка топтун мурунку жетекчиси, Кыргыз Эл артисти Нуржамал Табалдиеванын жана бүтүндөй жамааттын бир добуштан макулдугу менен Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору, Кыргыз Эл артисти Кыргызбай Осмонов дайындады. 
А.Туткучов 1983-жылы 9-декабрда Талас облусунун Манас районундагы Арал айылында туулган. 2002-2007-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун фольклордук бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2006-2015-жылдары “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунда эмгектенип келет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mushker2013
2015-01-15 13:32:13
Жакшы куттуктайм! Бул,Аалы Туткучов кыргыз элинин багына бир жаралып калган эн таланттуу инсан!
+5
bekos2012
2015-01-15 13:45:17
Куттуктайм,ул карьерандын башталышы гана болсун! татыктуусун
+6
insap
2015-01-15 13:57:54
Аалы төкмө еми бир топтун жетекчилигин колуна алганы жакшы болуптур. Ошол топтон жоон топ Аалылардын чыгышына бул жумуш себепкер болуп, кыргыз төкмөчүлүгү огобетер өнүксө ажеп емес.
+6
kutkeldisulu
2015-01-15 14:19:03
куттуктайбыз
+2
sneg88
2015-01-15 14:22:56
ото кубанып жатам татыктуу адамдын бул кызматка женин туруп келгенине буюрса коп жылыштар болчудай. ийгилик сизге аалы акын
+2
kama_future_millioner
2015-01-15 19:25:48
Куттуктайбыз байке кызмат кут болсун маданиятыбызды дагыда көтө бериңиз
+2
Aysuluuwa
2015-01-15 20:15:39
Куттуктоолор болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан