Улуттук банк: "Өткөн жылы акча алмаштыруучу жайлар 97 миллиард сом таап, бюджетке 36 миллион сом төгүшкөн"

2014-жылы Кыргызстандагы валюта алмаштыруучу жайлардын жүгүрткөн акча каражатынын суммасы 97 миллиард сомго жетип, бюджетке 36 миллион сом төгүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда аталган бюролорду жабуу боюнча коомдук угуунун жүрүшүндө Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 1000ден ашуун акча алмаштыруучу түйүн иштейт. Алардын 309унун гана лицензиясы бар. "Өткөн жылдын биринчи жана төртүнчү кварталдарында бюролор тарабынан спекулятивдик чабуулдар болгон. Мындан Улуттук банк жапа жеккен. Мындан тышкары акча алмаштыруучу жайлар жабылса, 10 миңден ашуун адам жумушсуз калат деген кептер айтылууда. Бул көрсөткүч чындыкка туура келбейт",- деди Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle
2015-01-20 11:17:16
9999 адам жумушсуз калат. Озун кошбой эсептегенде.
Жумушсуз калган адамдар менен иши жок, озунун жапа чеккени эсеп.
0
atambai
2015-01-20 11:20:20
Оозу кыйшык болсо да нац банк суйлосун болуптур да.Жабылса жабылсын кайра озунор муктаж болосунар обмегкага кыйналып кетесинер го гараниясы менен эски валютчик катары айтып жатам
0
atambai
2015-01-20 11:21:32
Силер иштешкен эко банктагы Нурлан тапты 97млрд сомду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан