super.kg logo
«Жылдын супер клиби»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


  Саясат  

Депутат Урмат Аманбаева мандатынан ажыратылды

 
Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратылды. Мындай чечим бүгүн, 23-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынганын БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева SUPER.KG порталына билдирди. "Урмат Аманбаеваны мандаттан ажыратууга комиссиянын 10 мүчөсү "макул", бирөөсү "каршы" деп добуш берди",- деди Журабаева. 
Аманбаеванын КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган эле. 
Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.01.2015. 17:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
611
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
31-01-2016 12:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
Эгерде акчаны жеген болсо,анда толоп бериш керек да.Жаман акча менен депутат болгондордун арты ушундай бутот турбайбы.
23.01.2015. 17:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
22-08-2014
Соӊку аракети:
28-10-2017 14:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
NARYN
0
Мынча акчаны табыш учун коп иштеш керек. Бирок уурдап алсан жумуштан эле кетип коп болсо 3,4 жыл отурат экеен. Мына биздин чондорго болгон демократия
23.01.2015. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
26-10-2011
Соӊку аракети:
22-10-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттарды супер инфо жепжутат деп кыргызча которуп жазуунуздарды отуном.
24.01.2015. 08:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1147
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
30-10-2016 11:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тойгончо жеп, олгончо каргангыла...
24.01.2015. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
01-11-2010
Соӊку аракети:
11-12-2018 10:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ушул аялды корсом эле жиним келет, жегендеринин баарын чыгарсын!Качып кетпей дагы бир жакка.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132755;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: