Социалдык фонддун төрагасы: "Мигранттар келечекте пенсия менен камсыздалбай калышы мүмкүн"

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында мигранттарды пенсия менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү.  

Жыйында депутаттар: “Ар бир мигрант Кыргызстанга жыл сайын бир нече миң сомдон которуп жатат. Анын бир канча пайызын мамлекет кармап калса, унаасына, үйүнө да өзүнчө салык алынууда. Бирок аларды пенсия менен камсыздандыруу маселесин мамлекет чечип бере элек. Бул чечилбесе, алар келечекте кантип оокат кылышат? Карыганда пенсиясы жок болсо, балдары үйүнөн чыгарып салышат. Мурда пенсия менен камсыз кылуу маселеси биринчи кезекте турчу, азыр буга көңүл бурулбай калды”,- дешти.  

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев мигранттар келечекте пенсия менен камсыз болбой калышы мүмкүн экенин айтты. “Биз бир нече жолу бул маселени карап чыктык. Мигранттар өздөрү маани бербей жатышат. Жок дегенде Кыргызстанга которуп жаткан акчасынан кармап калалы дедик, бирок мигранттар ага макул эмес. Келечекте бир муун пенсия менен камсыз болбой калышы мүмкүн. Бул өтө чоң коркунуч жаратат”,- деди Абылгазиев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан