"Менин депутат Камчыбек Ташиевге эч кандай дооматым жок" деп билдирди УМККнын 9-кызматынын башчысы, "ата журтчу" депутаттардын иши боюнча өтүп жаткан сотто жабырлануучу катары сурак берип жаткан Жолдошбек Аралов. "Мен Ак үйдөн сыртка чыксам, 30дай адам дарбазадан ашып түшүп, короодо жүрүшүптүр. Алар мени көздөй басып келишип, бир адам мени сабап кирди. Ар кандай жаракаттарды алдым, бирок мени Ташиев урган эмес", - деди ал. Колунда курал болбогонун айткан Аралов “мыйзам боюнча биз Ак үйгө тиешелүү аймакты кайтарабыз, ал эми Ак үйдүн сыртындагы болгон окуяларга биз жооптуу эмеспиз" деп кошумчалады.