Бүгүн, 8-февралда 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек мэриясында коллегиялык жыйын өтүүдө. Анда шаардагы ички дүң продукциянын көлөмү 6,8 пайызга көбөйгөнүн шаардын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов маалымдады. “Өнөр жайдын көлөмү 2011-жылы 28,7 миллиард сомду түзсө, 2012-жылы 30,1 миллиард сомду түздү. Бул тармакта да өсүү байкалат”,- деди Исмаилов.
Ал ошондой эле былтыр шаар боюнча инфляциянын деңгээли 1,4 пайызды түзгөнүн кошумчалады.