Бүгүн, 5-февралда Бишкекте өтүп жаткан маданият кызматкерлеринин республикалык кеңешмесинде вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева "профессионал эмес артисттер сапатсыз ырларын аткарып концерт коюшуп, материалдык даражасын көтөрүп жатышат" деп билдирди.
“Азыр театрда иштеген артисттердин айлык маянасы 4 миң сомду түзөт. Бул акчага жашаш, албетте, кыйын. Мамлекеттин бюджетин карап отура бербестен, көргөзмөлөрдү, андан башка чыгармаларды тартуулап каражат маселесин чечүү керек.
Учурда профессионал эмес артисттер концерт беришип, материалдык даражасын көтөрүп жатышат. Алар сапатсыз ырларын аткарышып, коомчулуктун аң-сезимине доо кетиришүүдө. Ырчылардын ар бир ыры Көркөм кеңештин анализинен өткөрүлүп, анан элге тартууланышы зарыл. Кытайда ырчылардын аткарыла турган чыгармалары коопсуздук тармагынын уруксатын алгандан кийин коомчулукка жайылат. Бизде да ошондой болуш керек. Мындай сунушту аксакалдар киргизишти. Муну мен колдойм”,- деди Дамира Ниязалиева.