«Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылдын 23-апрелинде түзүлүп, саясий уюмдун төрагасы болуп Шаршенбек Абдыкеримов шайланган. Ошол эле жылдын 24-июнунда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Бирок, 2015-жылга чейин саясий майданда активдүү ишмердүүлүк жүргүзгөн эмес.

2015-жылкы парламенттик шайлоо

2015-жылдын 9-июлунда өткөн партиянын III съездинде белгилүү саясатчы Канатбек Исаев, «Кыргызстан» партиясынын төрагасы болуп шайланган.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясы «Башкалар убада беришет. Биз аткарабыз!» деген ураан менен саясий жарышка аттанган. Шайлоо алдында партия «Жети кадам» аталышындагы программасын тартуулаган.

2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен «Кыргызстан» партиясы шайлоочулардын 206 миң добушуна ээ болуп, үчүнчү орунду камсыздап, 18 мандатка ээ болгон.

Жоопкерчиликтүү партия

«Кыргызстан» саясий партиясы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына өткөн күндөн тартып жоопкерчиликтен качпай, өз милдетин так аткарып, мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде аткарып келди.

«Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Салайдин Айдаров «Экономикалык жана фискалдык саясат» боюнча комитетин, Нурбек Алимбеков «Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү» боюнча комитети жетектейт.

«Кыргызстан» фракциянын ишмердүүлүгү

«Кыргызстан» фракциясы 2015-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 1-июнуна чейин 223 отурум өткөргөн. Анын 42си кезектеги, 181и кезексиз отурум.

Дал ушулубакыт ичинде фракция 227 маселени караган. Анын 130у мыйзам долбоорлору болсо 97си ар кандай маселелер.

Туруктуу партия

2015-жылкы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, парламентке келген 6 партиянын айрымдары бүгүнкү күндө чачырап кетти.

Алсак, КСДП фракциянын депутаттары ар башка партиялар менен шайлоого аттанды. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы жана мурда «Республика» менен бириккен «Ата-Журт» партиясы шайлоого катышуудан баш тартышты.

Ал эми айрым фракциялардын мүчөлөрү башка партиялардын тизмесине кирип парламентке келүүнү көздөөдө.

5 жыл мурун парламентке келген «Кыргызстан» фракциясынын 18 депутатынын ичинен 14 депутат кайрадан партиянын катарында шайлоого аттанышты. Бул туруктуулуктун эң жогорку көрсөткүчү.

Демек, «Кыргызстан» партиясы туруктуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, бүгүнкү партиялык системанын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошууда.

Ынтымактуу партия

Акыркы 5 жыл ичинде айрым партияларда же партиялардын Жогорку Кеңештеги фракцияларында бөлүнүп-жарылуу окуялары көп болду.

Бир топ депутаттардын позициясы партия менен фракциянын максатына каршы келет делип таптакыр сыртка чыгарылган. Бир дагы жолу «Кыргызстан» партиясында мындай көрүнүш болгон эмес.

«Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү бир максат жана идеянын алдында чогулушкан.

Ишкерлик жана салык төлөө

"Кыргызстан" партиясынын курамында бардык тармактарда ийгиликтерге жетишкен жана элди миңдеген жумуш орун менен камсыз кылган адамдар бар.

Партиянын көптөгөн мүчөлөрү биздин өлкөнүн ири өнөржай ишканаларына жана фабрикаларына жетекчилик кылышкан.

Алсак, KazGrain заводу, «АюФарм» фармзаводу, жашылчаларды өстүрүү боюнча теплицалар комплекси, «Алия» макарон азыктары», «Касиет» фабрикасы, «ТокмокБуллс», «ЭлСүт», «Artezian», «GoldenSun», Kav&Kev сыяктуу, ошондой эле «АюХолдингдин» ондогон ишканаларын, өндүрүш фабрикаларын, өнөржай заводдорун, курулуш компанияларын ж.б. ишканаларды өзүнө камтыйт.

Туруктуу электорат

«Кыргызстан» партиясы алгачкы жолу шайлоого катышып, 200 миңден ашык шайлоочунун добушуна ээ болгон. Анын 40 миңден ашыгы партиянын расмий мүчөсү.

Быйыл БШК документ тапшыруудагы техникалык мүчүлүштүктү жүйө келтирип, партиянын документтерин артка кайтарганда,өлкөнүн бардык аймагындагы «Кыргызстан» саясий партиясынын тарапкерлери Боршайкомдун чечимине каршылыгын билдирип, партияны колдоп турушту.

Мамлекеттик башкарууга активдүү аралашуу

«Кыргызстан» фракциясы 2015-жылы «КСДП», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракциялары менен биргеликте парламенттин көпчүлүк коалициясынын курамына кирген.

«Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Нурбек Алимбеков 2015-2017-жылдары Жогоку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.

Чолпон Султанбекова 2016-2018-жылдары вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

Дастан Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрынан ушул күнгө чейин Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын аркалап келет.

Алмазбек Баатырбеков 2020-жылдын июнь айынан бери биринчи вице-премьер министр кызматына дайындалган.

Мындан башка, “Кыргызсан” партиясынын мүчөлөрү бир катар министрликтерге жана мамлекеттик жооптуу кызматтарга жетекчи болуп, мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып келишет.

Шайлоо – 2020: «Кыргызстан» партиясы

"Кыргызстан" партиясы быйыл парламенттик шайлоого "Эл үчүн" деп аталган жаңы программасы менен катышат. Аталган программа экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, тышкы саясат жана сот тутуму боюнча реформа жүргүзүүгө багытталган.

Партиянын тизмеси менен шайлоого бараткан талапкерлер көп жылдардан бери саясатта, мамлекеттик башкаруу кызматтарында, чарбалык жана коомдук турмушта өз орду бар инсандар. Ал эми партиянын катарындагы ишкерлер элди жумуш орун менен камсыздап, өлкө экономикасына салым кошкон адамдар.

Партияда мындан сырткары өз күчү менен турмушта ийгилик жараткан жаш талапкерлер дагы бар.

Биздин максат - көпчүлүк коалицияга кирүү жана өкмөттү түзүү.

Биздин ураан: "Кыргызстандын" планы - Кыргызстан үчүн жеңиш.

“Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Нускасы: 1 даана. 4-сентябрь, 2020-жыл. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж) Дареги: Бишкек шаары, Шабдан Баатыр 4а


Комментарийлер(3)
14.09.2020. 18:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
483
Катталган:
04-12-2018
Соӊку аракети:
20-09-2020 16:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Эл мактасын,озунорду озунор мактай бербегиле.Элдин сыны силерге жетпей жатабы?Же бийликке жетуу учун жалган убада айткандан тажабадынарбы?
14.09.2020. 19:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
06-09-2017
Соӊку аракети:
20-09-2020 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ууру жалганчысынар Кыргызстанды артка тарткан силерсинер, силер бийлик тарапка урдаганы жегени эс алганы барасынар
15.09.2020. 04:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
20-09-2020 16:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да алдамчылар болот экен ээ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 

Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди: